
Бүгүн, 3-июлда, Терек–Чаты–Терек автожолунун 5-километрине чейин селдин кесепеттерин жоюу боюнча иштер аяктады жана кыймыл бир тилкеде уюштурулду. Транспорт жана байланыш министрлиги тазалоо иштери улантылып жатканын билдирет.
Мырзаке–Кара-Кулжа–Алайкуу жолунда да селдин түшүшүнөн кийин 106–110 км участктарын кеңейтүү жана тазалоо боюнча иштер улантылууда. Жол эксплуатациялоо ишканасынын №26 адистери жолдун жүрүү бөлүгүн калыбына келтирүү менен алектенишет.