Монакодогу жардырууга шек саналып украиналык Анастасия Березовска изделүүдө. Бул тууралуу башкы прокурордун орун басары Морган Рэймонд 3-июлда билдирди. Анын айтымында, шектүү Германияга качып кеткен жана башка кишилер менен чогуу аракеттенген.29-июндагы окуядан теги украиналык бизнесмен Вадим Ермолаев, жубайы жана баласы жарадар болгон.39 жаштагы шектүүгө Интерпол издөө салды. Эң жогорку даражадагы кызыл ордерде анын украиналык экени, немисче сүйлөгөнү айтылат. Березовска адам өлтүрүү...