Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын 1-1,5 айга жете турган кору бар. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов 3-июлда “Биринчи радиоунун” эфиринде айтты.Анын сөзүнө караганда, Кыргызстан бир жылда 2 миллион тонна күйүүчү-майлоочу май керектесе анын 95 пайызга жакыны Орусиядан импорттолот. Өлкө негизинен Орусиядан бензин, солярка, авиакеросин, битум жана чийки мунай сатып алат.“Дүйнөдөгү саясий абалга, анын ичинде Орусиянын өзүндөгү кырдаалга байланыштуу биз да...