
Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги, Кытайдагы Гуйлинь технологиялык университетинде билим алуу үчүн конкурс отборуна катышууну каалаган өлкө жарандары үчүн документтерди кабыл алуунун башталганын жарыялады. Билим берүү 2026–2027-окуу жылына пландалууда.
Конкурс отбору 7 стипендиялык орунду камтыйт: алардын 2си бакалавриат программалары үчүн, 5и магистратура үчүн арналган. Документтерди кабыл алуу 2026-жылдын 3-8-июлунда жүргүзүлөт.
Отборго катышуу үчүн талапкерлер министрликтин маалыматтык системасы аркылуу бардык талап кылынган документтерди электрондук түрдө жүктөп, каттоодон өтүшү керек. Каттоо үчүн шилтеме төмөндө берилген:
https://student.edu.gov.kg/