Бишкекте Lexus LX 570 уурдоого шектелген 25 жаштагы эркек киши кармалды. Бул тууралуу маалымат Октябрь районунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан алынды.
Милицияга билдирүү ОсОО «Э.Б.Т.» компаниясынын өкүлүнөн келип түшкөн. Анын маалыматына ылайык, саат 01:40 чамасында Карасаев көчөсүндө белгисиз адам кара Lexus LX570 уурдап, качып кеткен. Зыяндын суммасы 80 миң долларды түзөт.