
Түндүк-чыгыш Америка Кошмо Штаттарында, Нью-Йорк жана Вашингтонду камтыган аймактарда экстремалдуу ысык байкалууда. Америкалык маалымат каражаттары, анын ичинде CNN жана CNBC, кырдаал тууралуу маалымдашууда. Улуттук аба ырайы кызматы (NWS) тарабынан берилген болжолдорго ылайык, 180 миллионго жакын адам, бул өлкөнүн калкынын жарымына жакыны, жакынкы күндөрдө ысыкка байланыштуу жогорку кооптулук зонасында болушат.
Метеорологдор АКШнын чыгыш аймактарында «жылуулук куполу» пайда болгонун белгилешет. Ар кандай штаттарда күндүзкү температура 35-38°C жетиши мүмкүн, ал эми жогорку нымдуулукту эске алганда 43-46°C катары сезилиши мүмкүн. Кээ бир жерлерде күндүзгү жана түнкү температура боюнча рекорддор жаңыртылышы күтүлүүдө.