Ысык-Көлдө ачылган "Тамчы" атайын финансылык-инвестициялык аймагында (АФИА) инвесторлор ортосундагы бардык келишимдер жана талаш-тартыштар Англиянын мыйзамдарынын негизинде соттук процессиз, калыс чечилет. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси Равшан Сабиров журналисттерге билдирди.