Нью-Йорктогу сот рус руферлер Ангелина Николау жана Иван Кузнецовду Эмпайр-стейт-билдингге чыгып кеткенден кийин бошотту. Аларга өмүргө коркунуч туудурган жана мыйзамсыз кирүү боюнча айыптар коюлган.

ABC News маалыматтарына ылайык, айыпталуучулар өз күнөөсүн мойнуна алышкан жок. Адвокат Джейсон Крински Манхэттен прокуратурасынын айыптары ашыкча экенин билдирди. Ал руферлердин аракеттери сүйүүнүн көрүнүшү катары каралышы керектигин белгиледи.