Бишкекте Mercedes жана Toyota маркасындагы унаалардын катышуусунда жол кырсыгы болуп, бул окуя күбөлөр тарабынан видео менен тартылган. Окуя Ахунбаев жана Чортеков көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган.
Записьте унаалардын бири электр өткөргүчүнүн опорасына урунуп, натыйжада стержень унаанын үстүнө кулаганы көрсөтүлгөн. Кыска туташуу кургак чөптүн күйүшүнө себеп болгон деген божомол бар.