Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы Тайландда өтүп жаткан жаштар Азия чемпионатында ийгиликтүү чыгышып, жети медаль утушту. Паттайяда өтүп жаткан турнир 20 жашка чейинки спортчуларды чогултуп, ушул күндөрү өтүүдө.
Грек-рим күрөшү боюнча мелдештер 1-2-июлда болуп өтүп, он медаль комплекти ойнолду. Кыргызстандын командасында он күрөшчү катышып, өлкөгө үч алтын, бир күмүш жана үч коло медаль алып келишти.