3-июлда Камчыбек Ташиев Манас шаарындагы "Курманбек" стадионунда өткөн футбол оюнуна катышты. Ал "Мурас Юнайтед" жана "Азиягол" командаларынын беттешине кызыккан кызын коштоп барды. Келген көрүүчүлөр аны жылуу тосуп алып, кол чабуулар менен саламдашты.
Эскерте кетсек, 2-июлда Первомай райондук сотунда 75-иш боюнча өкүм окулду. Ташиев, бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу боюнча айыпталган, күнөөлүү деп табылды. Сот ага төрт жыл эркинен ажыратуу, мүлкүн конфискациялоо жана үч жыл пробациялык көзөмөл белгилөө чечимин кабыл алды.