Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кенже уулу, учурда камакта отурган Кадырбек Атамбаев ачык кайрылуу жасады. Анын жабык жайдан жазган катын карындашы Алия Шагиева өзүнүн Инстаграм баракчасына жарыялады.Кадырбек Атамбаев катта уюшкан кылмыштуу топтор менен эч кандай байланышы жоктугун жана курал-жарагы болбогонун белгилеп, өзүнө карата кылмыш ишти "токулган" деп мүнөздөгөн. Атасы Алмазбек Атамбаевди опузалагысы келгендер өзүн барымтада кармап турганын кошумчалаган."Кош...