Бишкекте Улуттук инвестиция агенттигинин орун басары Мээримбек Койчуманов менен Индонезиянын Тышкы иштер министрлигинин орун басары Мухаммад Анис Маттойдун жолугушуусу өттү. Талкууланган негизги тема Кыргызстандын инвестициялык потенциалы жана өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар болду.
Кыргыз тарап инвесторлор үчүн мамлекеттик колдоо чараларын жана биргелешкен долбоорлор үчүн артыкчылыктуу багыттарды сунуштады. Чет элдик инвестицияларды тартууга, ислам финансированиесин, халяль-индустриясын жана цифралдык экономиканы өнүктүрүүгө чоң көңүл бөлүндү.