Минтранс Семеновка – Ак-Суу – Григорьевка жолундагы жамгырдын кесепеттерин жоюуда

Семеновка – Ак-Суу – Григорьевка автожолунда капиталдык ремонт уланууда, ал акыркы стадиясында. Транспорт жана байланыш министрлигинин маалыматына ылайык, асфальтбетон жабындысы 85%га төшөлгөн.

Жакында болгон катуу жамгырлар Григорьевка капчыгайындагы суунун деңгээлин кыйла жогорулаткан, бул жолдун кээ бир бөлүктөрүндө жер тилкесинин жуурулушу үчүн коркунуч жараткан. Ошондуктан, подряддык уюм зыяндалган бөлүктөрдү бекемдөө үчүн атайын техниканы колдонуп, авариялык калыбына келтирүү иштерин активдүү жүргүзүүдө.