
Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы соода өкүлчүлүгү Кыргызстанда чырак өндүрүү үчүн биргелешкен ишкананы түзүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул тема "MILLENIUM LIGHT" узбек компаниясынын жетекчилиги менен болгон жолугушууда талкууланды, деп билдирет Экономика министрлигинин басма сөз кызматы.
Визит учурунда соода өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү компаниянын өндүрүш кубаттуулугу, технологиялык процесс, чыгарылган продукциянын көлөмү жана анын эл аралык сапат стандарттарына ылайыктыгы, ошондой эле экспорттук потенциалы менен таанышышты.