«Кыргызстандын аэропорттору» акционердик коомунун эл аралык маршруттук тармагын кеңейтүү жана дүйнөдөгү алдыңкы авиакомпаниялар менен кызматташтыкты орнотуу боюнча активдүү иш алып барууда. Бул стратегиянын алкагында Кытайдын ири авиакомпанияларынын бири — China Eastern Airlines менен жумушчу жолугушуу өттү. Переговорлордун жүрүшүндө Шанхай - Бишкек - Шанхай маршруту боюнча түз авиакаттамды ачуу маселеси талкууланды.
Жаңы каттамдын ишке кириши Кыргызстан менен Кытайдын транспорттук байланыштарын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болот. Бул, өз кезегинде, туристтердин агымын көбөйтүүгө, бизнес байланыштарды кеңейтүүгө, өз ара соода өсүшүнө жана эки өлкөнүн экономикалык мамилелерин бекемдөөгө жардам берет.
«Кыргызстандын аэропорттору» акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов маршруттун ачылышы Кыргызстанды эл аралык авиация тармагына интеграциялоо стратегиясынын маанилүү бөлүгү экенин белгиледи. Ал China Eastern Airlines менен сүйлөшүүлөр бул долбоорду ишке ашырууга багытталганын, бул Кыргызстандыктар үчүн саякат жана бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын айтты.