Ош шаарында күз-кыш мезгилине даярдык башталды, деп билдирет шаардык мэрия. Вице-мэр Эрнис Толтоев «Теплоэлектроцентраль» муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, Масалиев көчөсүндөгү эски магистралдык жылуулук түтүктөрүн алмаштыруу пландары талкууланды.
Бул долбоордун алкагында 825 метр жылуулук тармагын алмаштыруу пландалууда. Эски 325 миллиметр диаметри бар түтүктүн ордуна 530 миллиметр диаметри бар жаңы түтүк орнотулат.