Иссык-Ата районунда, Чүй облусундагы Сын-Таш айылында, республикалык бюджеттен каржыланган жаңы спорттук комплекстин курулушу аяктады. Проекттин жалпы баасы 64 миллион сомду түзөт.

Спорттук комплекс эки эки кабаттуу блоктон — «А» жана «Б» — турат. Анын жалпы аянты 620 чарчы метрди түзөт. Комплекс ичинде футбол, волейбол жана баскетбол менен машыгууга ылайыктуу көп функциялуу спорт залы, ошондой эле гимнастика жана күрөш үчүн залдар каралган. Мындан тышкары, машыктыруучунун кабинети жана спортчулар үчүн кийим алмаштыруучу жайлар бар.