Кыргызстанда бардык жогорку окуу жайларынын студенттерин жана окутуучуларын камтыган борборлоштурулган санариптик маалымат базасы түзүлүүдө. Бул тууралуу илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гулзат Исаматова «Кабар» агенттигине берген интервьюсунда билдирди.
Министр учурда университеттер ар кандай автоматташтырылган маалымат системаларын колдонуп жатканын, алар өнүгүү деңгээли жана функционалдуулугу боюнча бир-биринен кыйла айырмаланарын белгиледи.