Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Данги аймагында көчмө жыйын өткөрдү, анын максаты шаар тургундары үчүн үзгүлтүксүз суу менен камсыздоо маселелерин талкуулоо болду. Иш-чарага тиешелүү кызматтардын жана ишканалардын жетекчилери катышып, учурдагы шарттар жана кабыл алынган чаралар тууралуу маалымат беришти.
Муниципалитеттин маалыматына ылайык, акыркы күндөрдөгү жамгырлардан улам Папан суу сактагычындагы суунун сапаты кескин начарлады. Мындан тышкары, Зымырык-Сай жана Кызыл-Кыштак дарыяларынан сел агымдары суу сактагычка кирип жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери бул жылы селдердин түшүү коркунучу өткөн жылдарга салыштырмалуу жогору экенин белгилешет.