Жаңбырлуу аба ырайынын натыйжасында Түндүк—Түштүк альтернативдүү автожолунун үч участогунда сел жүрдү. Бул Балыкчы — Жалал-Абад маршрутунда убактылуу кыймылдын токтоп калуусуна алып келди, деп билдирет Министрлер Кабинетинин Транспорт министрлиги.
Жолдорду пайдалануу ишканасы табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн атайын техникаларды мобилизациялады. Учурда жолду селдик жыйымдардан тазалоо жана транспорт каражаттары үчүн коопсуз өтүүнү калыбына келтирүү боюнча активдүү иштер жүрүүдө.