4-5-июлда Кыргызстанда жергиликтүү жамгырлар күтүлүүдө, бул тоо этектери жана тоолуу аймактарда селдик көрүнүштөрдүн пайда болушуна алып келиши мүмкүн. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, ошондой эле дарыялардагы суу деңгээлинин көтөрүлүшү күтүлүүдө.