Интенсивдүү жаан-шашындын кесепетинен түндүк менен түштүктү байланыштырган альтернативдүү автожолдо сел агымдары пайда болду. Натыйжада, Балыкчы — Жалал-Абад трассасынын бир бөлүгүндө убактылуу кыймыл токтотулду, деп билдиришти Транспорт жана байланыш министрлигинен.
Ведомствонун маалыматына ылайык, сел массалары жолдун үч бөлүгүндө түшүп, транспорттун нормалдуу кыймылына тоскоолдук жаратууда.