
Терек–Чаты–Терек жана Мырзаке–Кара-Кульджа–Алайкуу автожолдорунда транспорттун кыймылы бир тилкеде калыбына келтирилди. Транспорт жана байланыш министрлигинин маалыматына ылайык, 4-июлда саат 16:28ге карата жол кызматкерлери жолдун үстүн тазалоо боюнча биринчи кезектеги иштерди аякташты.
Адистер жолдорду толук калыбына келтирүү боюнча иштерин улантууда жана коопсуз кыймылды камсыздоо үчүн чараларды көрүүдө. Бул күнү эртең менен эки автожолдо кайрадан сел агып, кыймылды убактылуу токтотту. Оперативдүү тазалоодон кийин өтүү бир тараптуу ачылды.