Ош облусунда милиция 1,6 килограммдан ашык наркотик заттарын алып чыкты. Маалымат Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынан келип түштү.

Коопсуздук кызматкерлеринин маалыматы боюнча, Наркотиктердин мыйзамсыз жүгүртүүсүнө каршы күрөшүү кызматындагы оперативдик кызматкерлер жаран М. аттуу адамдын наркотиктерди мыйзамсыз сатуу боюнча ишмердүүлүгү тууралуу маалымат алышкан.