Ысык-Ата районунда диний-агартуу курстарынын иши текшерилди
Ысык-Ата районунда, Ивановка айылында, жайкы диний-агартуу курстарынын иши текшерилди. Бул тууралуу Чүй облусунун муфтият өкүлчүлүгү маалымат берди.
Учурда курстарда 200 бала билим алууда, алардын 100ү уул, 100ү кыз. Сабактар бекитилген программа боюнча уюштурулуп, жергиликтүү мечиттин имам-хатиби тарабынан көзөмөлдөнүүдө. Окуу учурунда балдарга Куранды окуу, таджвид, фикх негиздери, кыргыз тили жана адеп-ахлактык тарбия сабактары өтүлүүдө.


Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча курстарды уюштуруу оң баа алды. Ысык-Ата районунун башкы имам-хатиби милдетин аткаруучу Бактыбек ажы Убабеков диний агартуу, ошондой эле жаштарда патриотизм жана адеп-ахлактык сапаттарды тарбиялоо коомдун келечегин түзүүдө маанилүү роль ойнойт деп белгиледи.