Учкун айылында Нарын районунда суу камсыздоо системасын куруу учурунда курулуш нормаларын сактоо боюнча бузуулар аныкталды.
Курулуш министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, техникалык регламенттер жана курулуш стандарттары боюнча бардык талаптар толук көлөмдө сакталбай калган.
Жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжасында ОсОО «Профит Экспресс» боюнча протокол түзүлүп, укук бузуулар кодексине ылайык 200 000 сом өлчөмүндө айып пул дайындалды.
Ошондой эле аныкталган бардык бузууларды жоюу боюнча милдеттүү буйрук берилди.