Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев күз-кышкы жылытуу сезонуна даярдыкты текшерди. Визит учурунда ал жылуулук камсыздоо объектилериндеги оңдоп-түзөө иштеринин абалы жана турак үйлөрдүн жылытуу системасына туташтырылышы менен таанышып чыкты, деп билдирет шаардык мэрия.
Шаар башчысы ошондой эле профилдик кызматтардын жетекчилери менен штабдык жыйын өткөрүп, үзгүлтүксүз жылуулук камсыздоону камсыздоо үчүн негизги милдеттерди аныктады. Атап айтканда, жылуулук камсыздоочу мекемеге калкка жана социалдык объектилерге көмүрдүн убагында жеткирилүүсүн уюштуруу, жылуулук борборлорунун оңдоп-түзөөлөрүн аяктоо жана көп кабаттуу үйлөрдү жылытууга туташтырууну активдештирүү тапшырылды.