216-километр Бишкек - Ош трассасында, Ала-Бел ашуусунун аймагында кар жаап жатат. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстандын ИИМинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
ГУОБДДнын кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштеп, кыйын аба ырайына кабылган айдоочуларга жардам көрсөтүүдө.