Казакстанда чектеш аймактарды патрулдоо үчүн мобилдик топтор 24 саат бою иштейт, бул отун-май материалдарын чыгаруунун алдын алуу үчүн. Бул тууралуу өлкөнүн өкмөтү маалымдады.
Кабминден такталгандай, негизги чектеш трассаларда автоцистерналар жана бензовоздор текшерилет. Казакстандын каржы министринин орун басары Ержан Биржанов ГСМ базарындагы кырдаалга арналган жыйында мобилдик топтордун иши тууралуу маалымат берди.