27-июнда Жалал-Абад облусунда жайгашкан Таш-Кумыр шаарында жаңыланган «Шахтёр» стадионунун салтанаттуу ачылышы болду. 1963-жылы пайдаланууга берилген стадион капиталдык реконструкциядан өтүп, азыр 3975 көрүүчүнү кабыл алууга мүмкүнчүлүк берет.
Реконструкция учурунда трибуналар модернизацияланып, жаңы жарык берүү системасы орнотулду жана жасалма футбол талаасы төшөлдү. Мындан тышкары, спортчулар жана көрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн бардык зарыл инфраструктура түзүлдү.