Украинанын Орусиянын энергетикасына урган соккуларынын кесепеттерин Орусия гана эмес, анын кошуналары да сезип жатат. Оренбургдагы газды кайра иштетүүчү заводго чабуул жасалгандан кийин Казакстан өлкөнүн ири мунай жана газ кендеринин биринде өндүрүштү кыскартты. Кыргызстанда болсо бензиндин айрым түрлөрү тартыш болууда, ал эми Өзбекстандын алдыңкы авиакомпаниясы авиакеросиндин таңкыстыгынан жана кымбатташынан улам каттамдардын бир бөлүгүн кыскартты. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн энергетикалык системалары мурдагыдай эле Орусиянын инфраструктурасы менен тыгыз байланышта, ошондуктан ар кандай көйгөйлөр коңшулардын экономикалык абалына тикелей таасирин тийгизет.