Бишкекте 5-июлдан баштап Васильевский тракттын үчүнчү этапы реконструкцияланат, ал Комсомольская көчөсүнөн БЧКга чейинки участокту камтыйт. Шаардык мэрия ремонттолгон жолдун узундугу 7 километрди түзөрүн билдирди.

Жолду толугу менен жабуу пландалган эмес. Жумуштардын жүрүшүндө кыймыл эки тарапта, бир тараптуу жолдун бир бөлүгүндө уюштурулат.