
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 5-6-июлда Россиянын Екатеринбург шаарында иш сапарында болот. Сапардын алкагында жергиликтүү расмий адамдар менен жолугушуулар пландалган, ошондой эле өнөр жайдагы жаңы технологиялар жана инновациялар боюнча талкуулар үчүн негизги аянтчалардын бири болгон «Иннопром» эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышуу күтүлүүдө.