Украинанын Башкы штабы Донецк облусундагы Константиновка шаарын орус армиясы алганы тууралуу маалыматтар чындыкка коошпой турганын билдирди. 4-июлда Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын өкүлү Андрей Ковалев украин аскерлеринин "Восток" тобу коргонуу операцияларын улантып жатканын айтты. "Константиновка калктуу пункту Украинанын коргонуу күчтөрүнүн көзөмөлүндө", - деди Ковалев. Ошол эле кезде ал орус тарап шаарды алууга аракеттенип жатканын белгиледи. Украин...