Кыргызстандын Эл аралык университетинде Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) өлкөлөрүнүн жашыл энергетикасына арналган III Эл аралык академиктер форуму өттү. Иш-чарага ШКУга мүчө болгон ар түрдүү өлкөлөрдүн дипломаты, илимпозу, адистери жана билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты.
Форумду ачып жатып, Жогорку Кеңештин депутаты Максат Алымбеков бул окуя илимий көз караштарды жана өнөктөш мамлекеттердин экономикалык кызыкчылыктарын бириктирүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк берерин белгиледи.