
Россия Украинага 6-июлда Москва убактысы боюнча 12:00дөн 18:00гө чейин Константиновкадагы аткылоолорду убактылуу токтотууну сунуштады. Бул украин тарапка каза болгон аскерлердин денелерин өткөрүп берүү үчүн жасалууда. Бул тууралуу Россиянын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Украинадан жооп 5-июлда 12:00гө чейин күтүлүүдө.
3-июлдагы жолугушууда Россиянын президенти Владимир Путин Константиновканы басып алганын, ошондой эле Луганск облусун "босотуу" жана Донецк облусундагы орус аскерлеринин "мол илгерилеши" тууралуу билдирди. Бирок Украина Куралдуу Күчтөрүнүн Генштабы бул билдирүүлөрдү четке какты, шаар украин коргоочуларынын контролунда экенин тастыктады. Украина президенти Владимир Зеленский Россиянын билдирүүлөрүн "жалған" деп атап, Путинге Константиновкада жолугушууну сунуштады.