Украинанын Башкы штабы орусиялык бийликтердин армия Донецкидеги Константиновка шаарына көзөмөл орноткону тууралуу маалыматын "чындыкка дал келбейт" деп төгүндөдү.Ишемби күнү Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын башчысы Андрей Ковалев "Восток" күч түзүмүнүн аскерлери калктуу конуштардын чет жакасында жана ага жакын аймактарда коргонуу операцияларын жүргүзүп жатканын билдирди."Константиновка калктуу конушу Украинанын Коргонуу күчтөрүнүн көзөмөлүндө", -...