Чаткалдагы Каныш-Кыя айыл аймагынын Чакмак-Суу айылындагы Кара-Токой тилкесинде жайлоого барган жолдо көпүрөнү сел алып кетти. Анын кесепетинен 38 чет элдик жаран ара жолдо калды.Мындай маалыматты Жалал-Абад облустук администрациясы билдирди. Окуя 5-июль түшкү саат 1де болгон.Маалыматка ылайык, нөшөрлөп жааган жаандан улам дарыядагы суунун көлөмү көтөрүлүп, анын кесепетинен көпүрө жарактан чыкты.Азыркы тапта ара жолдо калгандардын бири айланма жол аркылуу өткөрүлүп, Талас облусуна...