Кербен шаарында өрт өчүрүүчү депонун курулуш нормаларын бузуу фактылары аныкталды, бул тууралуу Минстройдон маалымат берилди. Текшерүү учурунда объектте жамгыр сууларын өткөрүү чаралары жок экени белгилүү болду, бул фундаменттин бузулушуна алып келиши мүмкүн.
Мындан тышкары, арматуранын туташтырылышында кемчиликтер, кээ бир темир-бетон конструкцияларынын долбоордук документацияга ылайык келбестиги, колонналардын армирлөөсүндө четтөөлөр жана курулуш-монтаждоо иштерин аткарууда технологиялык тартиптин бузулушу аныкталды.
Минстройдун маалыматына ылайык, аныкталган кемчиликтер курулуштун сапатына жана коопсуздугуна терс таасир этүүчү, ошондой эле имараттын бекемдигин жана туруктуулугун төмөндөтүүчү болушу мүмкүн.
Текшерүүнүн натыйжасында ОсОО «Хамза строй КейДжи» компаниясына карата протокол түзүлдү. Жоруктар кодексине ылайык, компанияга 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды жана аныкталган бузулууларды дароо жоюу боюнча буйрук берилди.