5-июлга караган түнү Орусиянын армиясы Украинага ар кандай түрдөгү төрт ракета, 125 дрон менен чабуул койду. Украинанын Аба күчтөрү дрон үч жерге тийгенин, калдыктары сегиз жерге кулаганын билдирди. Харьков облусунда дрон соккусунан эки киши каза таап, төртөө жараат алды. Облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубов билдиргендей, супермаркет, мебел дүкөнү жана автоунааларга зыян келтирилди. Запорожье облусунда бир киши набыт болуп, 16сы жараат алды. Запорожье шаарында беш...