Бишкектин афишасы: көргөзмөлөр, кино көрсөтүүлөр жана ачык асман алдындагы концерт

27-июндан 10-июлга чейин. «Биз — суу» фото көргөзмөсү


27-июндан 10-июлга чейин Улуттук тарых музейинде «Биз — суу» фото көргөзмөсү өтөт, ал климаттын өзгөрүшү, булгануу жана таза суу запастарынын түгөнүшү шартында суу ресурстарынын маанисине арналган. Көргөзмөдө дүйнөнүн ар кайсы бурчунан келген авторлордун 30 уникалдуу сүрөтү көрсөтүлөт.

Улуттук тарых музейи, 10.00-17.00.