Министрлер кабинетинин төрагасы жана Кыргызстандын президент администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев Россиянын Екатеринбург шаарында жумушчу сапарда. Бул тууралуу маалымат министрлер кабинетинен алынды.
Сапар учурунда Касымалиев бир нече жолугушуулар өткөрүп, «Иннопром» эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышып, аталган иш-чаранын пленардык жыйынында сөз сүйлөйт.