Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 5-6-июлда Россиянын Екатеринбург шаарында иш сапарында болот.
Өкмөттүн маалымат кызматынан алынган маалыматка ылайык, Касымалиев визити учурунда бир нече жолугушуулар өткөрүп, «Иннопром» эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышууну пландаштырууда.