Камакта жаткан ишкер Имамидин Ташовдун адвокаты Асел Аргымбаева аны айыптоодо негизги далил катары алынган видеолордун аныктыгы тууралуу маселе козгоду. Бул тууралуу ал 5-июлда өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды. Аргымбаеванын айтымында, Ташовду УКМК 2024-жылы апрелде кармап, “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып таккан. Айып тагууга Ташовдун видеосу негиз болгону айтылган.Адвокат сөз болгон видео өз учурунда бир катар мыйзам бузуулар менен алынып, анын түп нускасы белгисиз...