6-июлга караган түнү Орусиянын армиясы Украинанын борбору Киевге кайра сокку урду. Ракеталардын бири шаардын Подольск районундагы тогуз кабаттуу турак жайга тийип, имарат жарым-жартылай талкаланды.Киевдин мэри Виталий Кличконун соңку маалыматына караганда, жети кишинин өмүрү кыйылып, 24ү түрдүү жараат алды.Кличконун айтымында, дрон сыныктары тийген 21 кабаттуу имараттын үчүнчү, төртүнчү кабаттары жарым-жартылай бузулду. Голосеев районунда беш кабаттуу үйдө, ээн курулушта, кампа имаратында,...