АКШнын президенти Дональд Трамп украин президенти Владимир Зеленский менен 8-июлда НАТОнун Анкарадагы саммитинин алкагында жолугушат. Бул тууралуу "Азаттык" радиосунун кабарчысы Алекс Рауфоглу жана Reuters Ак үйдөгү булактарына таянуу менен билдирди. Америкалык жогорку даражалуу аткаминер аталган агенттикке тараптардын жолугушуусунда согушту токтотуу маселеси талкууланарын айткан. "Акыркы айларда майдандагы абал өзгөрө элек, тараптардын бири да олуттуу ийгиликке жетише алган...