Өткөн выходные Кыргызстанда жана анын тегерегиндеги аймактарда эки жер титирөө болгондугу тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирген. Биринчи жер титирөө 4-июлда, жекшемби күнү, жергиликтүү убакыт боюнча 05:40та Казакстан аймагында, Мойынкум кумдарында болгон. Ал Тараз шаарынан 60 км түндүк-чыгышта жана Талас шаарынан 90 км түндүк-батышта жайгашкан.

Эпицентрдеги жер титирөөнүн күчү болжол менен 4,5 баллды түзгөн, бирок Кыргызстандагы элдүү пункттарда бул жер титирөө сезилген эмес. Экинчи жер титирөө 5-июлда, жекшемби күнү, 06:50де Кыргызстан аймагында, Пригородный айылынан 8 км түштүк-чыгышта, Токмоктон 34 км түштүк-чыгышта жана өлкөнүн борбору Бишкектен 80 км түштүк-чыгышта болгон.