Экотехнадзор кызматы 5-июлда Бишкектеги каналдын жээгиндеги таштандылар менен булганышын көрсөтүп турган социалдык тармактардагы видеого жооп берди. Натыйжада, бул аймакты тазалоо иштери жүргүзүлдү, бул тууралуу Табигый ресурстар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Учурда болгон окуянын себептерин аныктоо жана жооптуу адамдарды табуу үчүн текшерүү жүргүзүлүүдө. Жоруктар кодексине ылайык, мыйзамсыз таштандыларды чыгаруу жана айлана-чөйрөнү булгандыруу үчүн 23 миң сом өлчөмүндө айып пул каралган.