Кыргызстанга эл аралык издөөдө жүргөн А.А. аттуу жаран кайтып келди. Бул тууралуу маалыматты Башкы прокуратура билдирди.
Мамлекетке келгенден кийин ал тергөө абагына жайгаштырылды.
Тергөө А.А. жарандардын ишенимин кыянаттык менен пайдаланып, алардын мүлкүн мыйзамсыз ээлеп алып, 15 миллион сомдон ашык материалдык зыян келтиргенин аныктады.
Экстрадиция Кыргызстан Республикасынын Башкы прокуратурасынын Америка Кошмо Штаттарынын тиешелүү органдары менен кызматташтыгынын натыйжасында мүмкүн болду.